ОшТУ Фергана политехникалык университети менен кызматташат!
Ош технологиялык университетинин “Физика” кафедрасынын доценти Сырга Бердибекова, “Физика” кафедрасынын окутуучусу Мария Жороева жана “Информатика” кафедрасынын доценти Алийма Маматкасымовалар 2018-жылдын 25-26-май күндөрү Өзбекстан республикасынын Фергана политехникалык университетине барып, IV- Эл-аралык конференцияга катышып келишти. Кызматкерлер конференцияда “Формирование пространственного соображение у учащихсия при изучении электродинамики ” деген темада илимий баяндама жасашкан. Андан тышкары Фергана политехникалык университети менен Ош технологиялык университетинин ортосунда окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн түзүү максатында келишимдер түзүлгөн.