ОшТУнун спорттук командалары алдынкы орундарга чыгууда!

Ош технологиялык университетинин спорттук командалары Бишкек шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар аралык “Универсиада – 2018” Кыргызстан чемпионатында бир топ ийгиликтерге жетишип, алдынкы орундарга ээ болушууда. Атап кетсек: стол тенниси боюнча кыздар командасы 1-орунду, волейбол боюнча балдар командасы 1-орунду, тогуз коргоол боюнча команда 1-орун, улуттук күрөш боюнча 2-орун, футбол боюнча балдар командасы 3-орун, грек-грим күрөшү боюнча 3-орун, самбо боюнча 3-орунду ээлешти. Окуу жайдан “Универсиада – 2018” Кыргызстан чемпионатына жалпысынан 17 спорттун түрү боюнча катышууда.