ОшТУнун окуу-усулдук кеңеши
2018-жылдын 26-апрелинде ОшТУнун Усулдук кеңешинин кезектеги №7 отуруму болуп өттү.
Отурумдун күн тартибиндеги биринчи маселе болуп, адаттагыдай эле окутуучулар тарабынан даярдалган окуу-усулдук колдонмолор каралды. Негизги басым жумуштардын сапатына жана плагиатка жол бербөөгө коюлду. Күн тартибинин экинчи маселесинде ОшТУнун Усулдук кеңешинин №4 17-18 отурумунун токтомунун негизинде, ачык сабактардын өтүлүү абалын кароо үчүн Усулдук кеңештин мүчөлөрүнөн түзүлгөн комиссиянын отчёту угулду.
2018-жылдын 27–мартында ОшТУнун Усулдук кеңешинин кезектеги №6 отуруму болуп өттү.
Отурумдун күн тартибиндеги биринчи маселе болуп, окутуучулар тарабынан даярдалган окуу-усулдук колдонмолор каралды. Негизги басым жумуштардын сапатына жана плагиатка жол бербөөгө коюлду. Күн тартибинин экинчи маселесинде студенттердин курстук долбоорлорду/жумуштарды аткаруу үчүн окуу – усулдук көрсөтмөлөр менен камсыздалышынын абалы жөнүндө усулдук кеңештин мүчөлөрү Дүйшөев С.Д. жана Кутунаев Ж.Н. маалымат беришти. Курстук долбоорлордун/жумуштардын окуу планына дал келүүсү, алардын кафедраларда темаларынын өз убагында бекитилиши, мазмуну боюнча аткарылышы талкууланды.
ОшТУнун Усулдук Кеңешинин отуруму (№1. 18-19)
ОшТУнун 2019-2020- окуу жылы үчүн Усулдук кеңешинин курамы.
ОшТУнун Усулдук кеңешинин 2017-2018- окуу жылы үчүн курамы (PDF)
ОшТУнун Усулдук кеңешинин жыйындарынын 2017-2018-окуу жылы үчүн иш планы (PDF)