ОшТУдагы “ИЛИМ, ТЕХНИКА ЖАНА ИННОВАЦИЯ-2018” конференциясы

Ош технологиялык университетинде 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылына” жана Ч.Т Айтматовдун 90 жылдыгына карата “ИЛИМ, ТЕХНИКА ЖАНА ИННОВАЦИЯ-2018” аттуу аймактык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аталган конференциянын максаты болуп студенттердин, магистранттардын, аспиранттардын жана жаш илимпоздордун илимге болгон кызыгуусун арттыруу жана илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын жарыкка чыгаруу эсептелет. Бул конференцияга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан  890 илимий баяндама берилип,  9 багыт боюнча 47 секцияда иш жүргүзүлдү. Конференциянын жыйынтыгында мыкты илимий баяндамалардын авторлору ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.