Өзгөн шаарына кесипке багыттоо иштери уюштурулду.
Ош технологиялык университетинин кесипке багыттоо иш-чарасы Ош облустунун Өзгөн шаарында уюштурулду. Аталган иш-чарага Өзгөн шаарындагы жана Өзгөн районундагы мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер катышышты. Бул иш-чараны окуу жайдын кабыл алуу комиссиясы уюштуруп, жалпысынан 600 жакын катышуучулар катталышып, аларга окуу жай тууралуу кенен маалыматтар берилип, видео роликтер көрсөтүлдү. Эми мындай кесипке багыттоо иштери башка аймактарда уюштурулмакчы.