Кесипке багыттоо жана ЖОЖго чейин даярдоо борбору (КБжДБ)


Кесипке багыттоо жана ЖОЖго чейин даярдоо борбору (КБжДБ)

Билим үчүн күрөш – өлкөлөр, корпорациялар, жеке адамдар үчүн чоң майданга айланды. Татыктуу жашоо жана  турмуштун түрдүү кырдаалдарында жемиштүү эмгектенүү  ар бир адамдан терең билимди  талап кылууда. Кесипти туура таңдоо – жаркын келечекти таңдоо менен барабар. Бул багытта силерге Ош ТУнун «Кесипке багыт берүү жана даярдоо борбору» (КБ ж ДБ) чоң  көмөк көрсөтөт. Борбор 2010 – жылдан бери иштеп келүүдө, көптөгөн абитуриенттерди туура кесип таңдоосуна, жогорку окуу жайларга өтүүсүнө, республикалык тесттерге, олимпиадаларга татыктуу даярдануусуна чоң өбөлгө болууда.

КБжДБнын угуучуларына окуу мезгилинде «угуучулук билет» берилет, бул билет менен библиотекадан, окуу залынан, интернеттен кеңири акысыз пайдаланууга болот. Муктаж болгондорго «Студенттер үйүнөн» убактылуу жашоо үчүн жай берилет.

Окуу жылынын жүрүшүндө борбор тарабынан регулярдуу өткөзүлүп турган «Ачык эшик күндөрүнө» катышып, университет жана борбордун ишмердүүлүгү боюнча толук маалымат алууга болот.

Ош технологиялык университети  “Даярдоо борбору” 

  • Математика
  • Физика
  • Химия
  • Орус тили
  • Англис тили предметтери боюнча олимпиадага, жалпы республикалык тестке жана РФнын борбордук  ЖОЖдоруна даярдайт.

2020-21 окуу жылына КБжДБнын иш планы (PDF)

КБжДБ жөнүндө жобо (орус тилинде, PDF)

Кесипке багыттоо жана ЖОЖго чейин даярдоо борборунун жетекчиси:


Абдырахманов Заирбек Пайизович
Ээлеген кызмат орду: ОшТУ нун «КДжББ» борборунун директору.
Билими: жогорку, Ош Мамилекеттик педагогикалык институту, Физика жана математика факультети
Жалпы эмгек стажы: 38 жыл
ОшТУдагы эмгек стажы: 30 жыл
Байланыш маалымат: +996 772 15 15 59
эл.почта: zairabdyrahmanov151559@mail.ru

 

 

 

Абдырахманов Бакытбек Мамашарипович
Ээлеген кызмат орду: ОшТУ нун «КДжББ» борборунда жетектоочу адис.
Билими: Жогорку,  Юриспруденция Ош КУУ 1999 ж., Тарых ОГПИ 2018
Илимий-педагокикалык тажрыйбалары: ОшТУнун тарых мугалими 2017-2019 жж.
Окуткан предметтери: Тарых, Адам жана коом
Байланыш маалымат: +996 553 632 438, +996 773 632 438.

 

 

 

 

Адилбек уулу Бегибай
Ээлеген кызмат орду: ОшТУ нун «КДжББ» борборунун лаборанты.
Билими: Жогорку, ОГПИ “Социалдык иш” адистиги 2018-ж
Байланыш маалымат: +996 776 01 02 03
эл.почта: begibai96@gmail.com