ТИжСӨД

  • Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти


    ТИжСӨД директору  Ыдырысов Рамис Жумабекович
    ЭС(ТК) кафедрасынын окутуучусу
    Адистиги: инженер -электрик
    тел: 0777 144 124
    эл.почтасы: presseoshtu@mail.ru

    Департаменттин негизги максаты – окуу жайдагы жаштар арасында тарбия иштерин жүргүзүү, алардын социалдык активдүүлүгүн өнүктүрүү, жаштардын ко­омдук жана жеке демилгесин колдоо, аларды жалпы коллективге керектүү мүчө болууга, демократиялык айкындуулуктун жактоочусу катары, уюштуруучулук, чыгармачылык ойлонуу ыктарын калыптандыруу­га, өз алдынча туура жыйынтык чыгарып, турмуш­тук кырдаалдарды анализдөө ыкмасына ээ болууга, инсанга аяр мамиле кылууга жана чындыкка болгон адеп-ахлактык, эстетикалык мамилесин өнүктүрүүгө тарбиялоо.

    Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү де­партаментинин курамы төмөндөгүлөрдөн турат:

    • Жаштар комитети;
    • факультеттердин декандарынын тарбия иштери боюнча орун басарлары;
    • Жаштык телестудиясы;
    • “Студ times” гезити жана “Универ KG” журналы;
    • Маданий- эстетикалык борбор;
    • студенттер үйү;
    • коомдук тамактануу жайлары;
    • Аялдар жана кыздар кеңештери.

    PDF форматындагы документтер:

  • «ЖАШТЫК» телестудиясы


    Директор: Салибай уулу Элмурат

    Тел: 0779 89 29 69

    Эл.почтасы: pressaoshtu@mail.ru

    Ош технологиялык университетинин «Жаштык» телестудиясы Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы эң алгачкы түзүлүп, эфирге чыга баштаган телестудия. Ал 1996-жылы окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен түзүлүп, Ош облустук юстиция башкармалыгы тарабынан массалык маалымат каражаты катары күбөлүк алган. Телестудия быйылкы жылы 22 жашка толду.

    “Жаштык” телестудиясы жалпы студенттердин жана жаштардын эстетикалык табитин жогорулатуу, кругозорун өстүрүү, алардын билим деңгээлин жана окуу жайда болуп жаткан иш-чараларды, ар жумалык жаңылыктарды коомчулукка ачык-айкын чагылдыруу максатында уюшулган. Университеттин   ийгилик-жетишкендиктерин, студенттердин социалдык турмушун, көйгөйлүү маселелерин жана окуу жайда болгон ар жумалык жаңылыктарды эфирде көрсөтүп, студенттердин маданий эс алуусуна көмөктөшкөн ар түрдүү кызыктуу телеберүүлөрдү даярдайт. Алдыңкы, мыкты окутуучулардын лекцияларын, практикалык, лабораториялык сабактарын эфирге даярдоо менен аларды студенттердин пайдалануусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Окуу жайда журналистикада, телевидениеде, жалпы эле массалык маалымат каражаттарында иш алып барууга кызыкдар студенттердин көпчүлүгү телестудия менен бирге иш алып барышат. Телестудияда кызыгуучулар үчүн монтажердук, оператордук жана диктордук үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Студенттер өздөрү кызыккан ар түрдүү, пайдалуу жана кызыктуу көрсөтүүлөрдү, роликтерди даярдашат.

    “Жаштык” телестудиясы ОшТВ, ЭлТР, 7-канал, Ынтымак ТВ, ЭлFM, Азаттык, Ош шамы, Ош жаңырыгы, Эркин тоо, Кут билим басылмалары, Akipress.kg, Kabar.kg, Aimaknews.kloop.kg, Barakelde.kg интернет сайттары менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт.

    Бүгүнкү күндө «Жаштык» телестудиясынын телеберүүлөрү “Ынтымак ТВ” жана “ОшТВ” телеканалынан ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү саат 22-30да эфирге чыгып келе жатат.

    “Студ times” гезити “Универ KG” гезити


    “Студ times” гезити 2003-жылдын 24-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен массалык маалымат каражаты катары катоодон өткөн. 2003-жылы гезитти “Кыргыз жана орус тилдери” кафедрасынын ага окутуучусу Айнагүл Аматова жетектеген. 2003–2004-жылдары Куштарбек Кимсанов, 2004–2005-жылдары Нургазы Ташиев, 2005-2008-жылдары Атакул Жалиловдор жетектеп, ал эми 2009-жылдан баштап гезиттин башкы редактору катары Эркинбай Бакиров эмгектенүүдө.

    Алгач гезит Ош облустук басмаканасынан ак-кара түстө 4 бет болуп, 1000 даанада жарык көрсө, азыркы күндө Бишкектеги көз карадандысыз “ММКны колдоо борборунун” басмаканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде 1500 даанадан 5000 даанага чейин түстүү, 8 бетте чыгарылууда. Ошондуктан “Студ times” гезити түштүк Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын эң популярдуу жана мазмундуу гезити болуп саналат.

    Бүгүнкү күндө «Студ times» гезитине ОшТУнун жаңылыктары, дүйнөлүк жана өлкө жаңылыктары, студенттердин, мугалимдердин илимий иштери, чыгармалары, макалалары, ырлары, ар тараптуу назик ойлору, купуя сезимдери, көйгөйлүү маселелери жана окуу жайдын илимий чөйрөсүндө болуп жаткан окуялар, ийгилик-жетишкендиктер, стратегиялык пландар жана кемчиликтер кеңири жарыяланат.

    Жаштык ТСнын кызматкерлери


     

     

     

     

    Кадырова Акшоола Акбаралиевна
    Редактор
    тел: 0773 676893


     

     

     

    Бакиров Эркинбай Ниматиллаевич
    Монтажер
    тел: 0771 870900
    oshtvtrk@gmail.com

     

     

     

     

     

    Салибай уулу Элмурат
    Оператор
    тел:0779 892969
    Ema007@inbox.ru

  • Маданий эстетикалык борбору


    Ош технологиялык университетинин Маданий-Эстетикалык борбору 1994-жылы оку жайдын окумуштуулар кенешинин чечими менен негизделген. Бүгүнкү күндө борбор заман талабына ылайык аппаратуралар менен жабдылып, чон Актылар залы, Жаштар борбору жана атайын ийримдер менен толукталган. Ош технологиялык университетинин маданий эстетикалык борбору таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүп, андан ары өрчүтүүгө көмөк көрсөтүү максатында атайын ийримдер түзүлүп, студенттердин сабактан кийинки убактыларында кызмат кылууда. Мындан тышкары окуу жай ичинде болгон ар кандай маданий иштерди уюштуруп, окутуучулардын жана студенттердин маданий эс алуусуна мыкты шарттарды түзүп келет. Борбордон тарбияланышкан студенттер шаардык, областтык жана республикалык кароо сынактардан, ШТК (КВН) таймаштарынан алдынкы орундарды багындырып келишүүдө. Мисалга: “Кыз-Жибек” бийчилер тобу жылдын мыкты бийчилер тобу, “Универсал” КВН командасы Республикалык “Тама-Шоу” лигасынын эки жолку чемпиондору болушту.

    Маданий эстетикалык борбордун негизги милдеттери:

    · студенттердин эстетикалык керектөөлөрүн ачып көрсөтүү жана эстетикалык ишмердүүлүккө кошуу;

    · музыка, хореография, драматургия ж.б. ийримдер боюнча практикалык сабактарды өтүү;

    · студенттердин жеке сапаттарын максималдуу түрдө өнүктүрүү максатында кызыгууларын эске алуу менен чыгармачылыгын калыптандыруу;

    · борбордун ишмердүүлүгүн жарыялоо;

    · студенттердин чыгармачылык жетишкендиктерин жарыялоо, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө таасир этүү, жана анын сапатын жакшыртуу;

    · студенттердин чыгармачылык жетишкендиктерин, ар түрдүү иш чараларды уюштуруу менен жарыялоо;

    · студенттер, деканаттар, кафедралар, окутуучулар менен биргеликте, студенттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу боюнча комплекстүү иш алып баруу;

    · МЭБтин материялдык техникалык базасын чыңдоо:

    Маданий эстетикалык борборунун курамы


     

    Сапарбай кызы Динара
    Кызматы: Маданий эстетикалык борборунун жетекчиси
    тел : (+996) 700 18 36 45 ;
    эл.почтасы:dinarka.db@gmail.com

     

     

     

     

     


     

     

     

     

    Осконбаев Чолпон
    Кызматы: Эстрада кружогунун жетекчиси
    тел: +(996) 773 85 52 20

     

     

     

     

    Мийзамова Гулбарчын
    Кызматы: фольклор кружогунун жетекчиси
    тел: +(996) 553 00 66 09

     

     

     

    Турдубаев Калыбек
    ШТК (КВН) : кружогунун жетекчиси
    тел:+(996) 776 10 10 88

     

     

     


  • Жаштар комитети


    Доранбек уулу Жоомарт
    Тел: 0707 91 96 29
    Жаштар комитетинин төрөгасы

    Ош технологиялык университетинин Жаш­тар комитети, студенттерден түзүлгөн негизги структуралардын бири. Комитетте төрага ме­нен ар бир факультеттеги студенттик сенаттары, студенттик Акыйкатчы, Кыздар кеңеши, КВН,  «ENACTUS» командасы, студенттердин дүйнөгө болгон көз карашын жогорулатуу максатында түзүлгөн бир топ ийримдер, дебаттык-дискус­сиялык клубдар иштейт. Комитет студенттерге укуктук, социалдык, маданий, материалдык жактан колдоо көрсөтүп, алардын арасында, жалпы эле университетте ар тараптуу дис­путтарды, конкурстарды, тегерек столдорду жана талкууларды, майрамдык кечелерди, су­луулар жана мырзалар, түгөйлөр, ШТК сыяктуу сынактарды декандардын тарбиялык иштер боюнча орун басарлары менен тыгыз байланышта уюштуруп турушат. Окуу жайда өткөн жылдары Жаштар борбору түзүлүп, ко­митеттин түрдүү иш-чаралары ушул борбордо өткөрүлөт. Жаштар комитети башка окуу жай­лардын, шаардык, облустук Жаштар комитет­тери менен да тыгыз байланышта кызматта­шат.

    ОшТУнун Жаштар комитетинин жобосу.

    1.1.      Ош технологиялык университетинин студент-жаштарынын өзүн-өзү башкаруу структурасы – жаштар комитети болуп саналат. ОшТУнун жаштар комитети мамлекеттик жаштар саясатын өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу окуу жайдагы структуралык түзүм болуп эсептелет. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү» жөнүндөгү указынын негизинде түзүлүп, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү», «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарына, ОшТУнун уставына, тарбия концепциясына, ушул жобого жана башка нормативдик укуктук актыларга таянып иш жүргүзөт.
    1.2.      Комитет окуу жайдын 14 жаштан 35 жашка чейинки окутуучуларынын, аспиранттарынын жана студенттеринин курамында түзүлөт;
    1.3.      Комитет республикалык аткаруу жана жергиликтүү башкаруу органдары, коомдук жана өкмөттүк эмес жаштар уюмдары менен тыгыз байланышта иш алып барат;
    1.4.      Комитеттин дареги – Ош шаары, Исанова көчөсү – 86, 2/214- каана,      .
    II. Комитеттин максаттары жана милдеттери
          
    Жаштар комитетинин негизги максаты жана милдеттери катары төмөндөгүлөр эсептелет:
    2.1.      КРнын «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамын аткаруу;
    2.2.      КРнын мамлекеттик жаштар саясатын ОшМУнун компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруу;
    2.3.      Улуттук «Кыргызстан жаштары» программасын аткарууну камсыздоо;
    2.4.      КРнын башка ЖОЖдору менен байланыштарды түзүү жана күчөтүү;
    2.5.      Cтудент-жаштардын арасында фестиваль, форум, конкурс, илимий-практикалык конференция, семинар, тренинг, жолугушуу, лекция, маектешүү, дебат, дискуссия, маданий-массалык жана спорттук иш чараларды ырааттуу түрдө мезгил-мезгили менен уюштуруу ошондой эле регионалдык жана республикалык иш чараларга активдүү катышуу
    ; 2.6.      Жаш ишкерлердин долбоор-программаларын жана демилгелерин кубаттоо, жаштардын жумуш менен камсыз болуусуна жана студент-жаштардын укуктук, социалдык, экономикалык кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү, студенттик курулуш отряддарын уюштуруу;
    2.7.      Жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн мамлекеттик, жеке жана коммерциялык ишкерлер ошондой эле эл аралык уюмдар менен биргеликте социалдык программаларды, долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
    2.8.      Окуу-тарбия иштерине көмөк көрсөтүү, студент-жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, жаштар арасында дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү;
    2.9.      Мамлекеттин социалдык-экономикалык, маданий, демографиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жаштардын укугун коргоо, мыйзамдык кызыкчылыктарын камсыздоо;
    2.10.      Жаштардын нравалык, интеллектуалдык, маданий-эстетикалык жактан өнүгүүсүнө жана бийик патриоттук сезимде тарбиялануусуна өбөлгө түзүү.

    III. Комитеттин укуктары:
    3.1.      Окуу жайдын ичинде жаштар саясатын жүргүзүү максатында негизги приоритеттер жана багыттар боюнча сунуштарды окуу жайдын жетекчилигине жеткирүүгө жана аларды ишке ашыруу боюнча механизмдерди иштеп чыгууга, ошондой эле жаштар саясаты боюнча регионалдык, республикалык мамлекеттик иш чараларга катышууга;
    3.2.      КРнын мыйзамдарына каршы келбеген учурларда өз компетенциясынын чегинде өз алдынча чечимдерди кабыл алууга;
    3.3.      Социалдык-психологиялык, педагогикалык, укуктук жана турмуштук татаал кырдаалдарда жаштарга жардамдык кубаттоо көрсөтүү иш чараларына катышууга;
    3.4.      ОшТУнун окуу имараттарынын, жатаканаларынын санитардык, электрдик-техникалык коопсуздук абалын текшерүү боюнча атайын рейддерге катышууга;
    3.5.      Студенттердин арасында профилактикалык түшүндүрүү жана тарбиялык иштерди жүргүзүүгө;
    3.6.      Окуу процессинде сапаттык жана абсолюттук жетишүүсү төмөн болгон жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү, дисциплиналык эрежелерге жооп бербеген студенттерди комитеттин кеңешмелеринин күн тартибине коюуга;
    3.7.      Жылдын жыйынтыгы боюнча жана майрамдык даталарга (Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү, Эл аралык студенттер күнү, Ата Мекенди коргоочулардын күнү, Эл аралык аялдар күнү ж.б.) карата окуу процессиндеги мыкты жетишкендиктери, спорттук мелдештерде жогорку көрсөткүчтөрү жана маданий-массалык, коомдук иш чараларга активдүү катышкандыгы үчүн студенттерди, аспиранттарды, жаш окутуучуларды сыйлоо (стипендия, акчалай сыйлык, ардак грамота ж.б.) жөнүндө окуу жайдын ректоратына сунуш берүүгө;
    3.8.      ОшТУнун жаштар комитетинин курамын түзгөн факультеттердин жаштар комитеттерине өз компетенциясынын чегинде тарбия иштери боюнча методикалык координацияны камсыздоого;
    3.9.      Жаштар саясатына байланыштуу иш чараларды уюштурууда ыктыярдуу жана келишимдик негизде демөөрчүлөрдү жана уюмдарды тартууга;
    3.10.      Студент-жаштардын арасында окуу-методикалык борборлорду, спорттук клубдарды, чыгармачыл топторду ж.б. уюмдарды түзүүгө көмөктөшүүгө;
    3.11.      Жаштар иштери боюнча маалымат бюллетендерин, тарбиялык-методикалык ж.б. материалдарды даярдоого.
    IV. Комитеттин башкаруу органы жана структурасы:
    4.1.      ОшТУнун жаштар комитетинин төрагалык кызматына 35 жашка чейинки университеттин окутуучусу, аспиранты же студенти ОшТУнун студенттери тарабынан шайланат.
    4.2.      14 жаштан 35 жашка чейинки студенттер, аспиранттар, жаш окутуучулар комитетке мүчө боло алышат.
    Төраганын укуктары жана милдеттери
    : 4.3.      Төрага комитеттин жалпы ишмердүүлүгүн жетектейт;
    4.4.      Комитетке жүктөлгөн милдеттердин жана тапшырмалардын аткарылышын төрага координациялайт жана жооп берет;
    4.5.      Комитеттин структурасын иштеп чыгат жана кырдаалга карата өзгөртүүлөрдү киргизет;
    4.6.      Комитеттин структуралык жетекчилери (орун басар, сектор башчылары, факультеттердин жаштар комитеттеринин төрагалары) комитеттин жобосуна ылайык иштелип чыккан функциялык милдеттери жана укуктары жөнүндөгү жобонун негизинде иш алып барышат;
    4.7.      Комитеттин актив-мүчөлөрүн (орун басары жана сектор башчыларын) кызматка дайындайт, мыйзам чегинде дисциплиналык жоопкерчиликке тартат жана кызматынан бошотот;
    4.8.      Факультеттердин жаштар комитеттеринин жоболорун бекитет;
    4.9.      Өзүнүн компетенциясынын чегинде комитеттин актив-мүчөлөрүнө тапшырмаларды, инструкцияларды жана көрсөтмөлөрдү берет;
    4.10.      Комитеттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
    4.11.      Комитеттин ишмердүүлүгүнүн негизги перспективалык багыттарын аныктайт, пландарын иштеп чыгат жана алардын аткарылышы жөнүндө отчет даярдайт;
    4.12.      Факультеттердин жаштар комитеттеринин төрагалык кызматына шайлоо өткөзүү же дайындоо, конкурстук тандап алуу үчүн факультеттин жетекчилигине талапкер сунуштайт;
    4.13.      Факультеттердин жаштар комитеттеринин төрагаларынын иш-пландарын бекитет жана алардын аткарган иштери тууралуу отчетторун семестрде бир жолу угат;
    4.14.      Комитеттин материалдык-техникалык каражаттарынын максаттуу жана эффективдүү пайдаланылуусун контролдойт;
    4.15.      Комитет, курамына төрага, төраганын орун басары кирген коллегия түзүүгө укуктуу. Коллегиянын курамына окуу жайдын администрациясынан (проректорлор, декандар, бөлүм башчылар), профсоюз уюмунан, факультеттердин жаштар комитеттеринин мүчөлөрүнөн, жатаканалардын студенттик кеңештеринен өкүлдөр мүчө катары кире алат;
    4.16.      Коллегия мамлекеттик жана окуу жайдын жаштар саясатынын негизги маселелерин карайт жана талкуулайт;
    4.17.      Коллегиянын курамынын мүчөлөрүн төраганын сунушу боюнча окуу жайдын жетекчиси бекитет;
    4.18.      Коллегиянын чечимдери коллегиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушунун негизинде кабыл алынат.
    V. Комитеттин финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары
    5.1.      Комитет тарабынан аткарылуучу иш чараларды финансылык каржылоо КРнын мыйзамдарына туура келген түрдө университеттин бюджетинин, гранттардын, долбоорлордун, демөөрчүлөрдүн ж.б. каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт;
    5.2.      Комитетке тиешелүү иш чараларды аткарууда комитеттин актив-мүчөлөрү университеттин администрациясы тарабынан бөлүнүп берилген материалдык-техникалык каражаттардан пайдаланышат.
    VI. Комитетти өзгөртүп түзүү жана жоюу
    6.1.      Комитеттин ишмердүүлүгүн токтотуу төмөндөгүдөй жолдордун биринин негизинде ишке ашат:
    а)      башка структурага кошуу;
    б)      өзгөртүп түзүү;
    в)      структураны жоюу;
    6.2.      Комитеттин ишмердүүлүгүн токтотуу университеттин ректору тарабынан атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт;
    6.3.      Комитеттин жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө тиешелүү жана комитеттин ишмердүүлүгүн токтотуудагы түзүлгөн документтер КРнын «Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде сакталат жана колдонулат.

    1. Председатель комитета молодежи ОшТУ-Доранбек уулу Жоомарт
    2. Помощник председатель комитета молодежи ОшТУ- Шайлообек уулу Төлөгөн
    3. Студенческий омбудсмен – Максидинов Марат
    4. Технологический колледж – Апсатаров Медербек Расулбекович ФАКУЛЬТЕТЫ
    5. Факультет кибернетики и информационных технологий (FITC)- Жолчубаев Илимбек
    6. Факультет экономики и менеджмента – Шарипов Азирет Улугбекович
    7. Архитектурно-строительный факультет – Мыйзамидин уулу Эдилбек
    8. Факультет автомобильного транспорта – Алтынбек уулу Азирет
    9. Энергетический факультет – Арсланбеков Алтынбек
    • Естественно-технический факультет – Эмилбек уулу Маратбек
    • Факультет технологии и природопользования – Акылбек уулу Мансур
    • Капитан “ENACTUS» OshTU- Гүлжигит уулу Иляс


  • ОшТУнун студенттер үйү


    Жусубалиев Сардар
    Студенттер үйүнүн директору
    тел: 0773 070 259

    ОшТУнун студенттер үйү.

    ОшТУнун студенттер үйү 105-сериядагы атайын бардык шарттары менен 84-батирлүү 327-орунга ылайыкталып үй тибинде курулган. 1990-жылы пайдаланууга берилип, ОшТУнун карамагына өткөрүлгөн. Студенттер үйүндөгү 84 батирдин 14-батиринде мугалимдер жашайт. 1-батир ФТИП факультетинин тигүү цехине бөлүнгөн. 1-батир студенттик ашкан. Калган 68-батир студенттер үчүн ажыратылган. Студенттердин бир жылга жашоо үчүн төлөм акысы 6000 (алты миё) сомго белгиленген. Студенттердин көптүгүнө байланыштуу 350-370 ке чейин жайгаштырылат. 1-кабаттагы бөлмөлөр атайын жумшак жана катуу эмеректерди сактоо үчүн бөлүнгөн. Студенттерди социалдык жактан камсыздоо үчүн төмөндөгүдөй шарттар түзүлгөн.

    1. Эмкана жана оорулулар үчүн атайын бөлмө (изолятор).
    2. Балдар жана кыздар үчүн эки окуу бөлмөсү.
    3. Телевизор көрүүчү жай, орундуктары менен.
    4. Эс алуу бөлмөсү.
    5. Студенттик ашкан.
    6. Милиция бөлүмчөсү.

    Өрткө каршы коопсуздук боюнча атайын өрт өчүрүүчү шаймандар коюлган.

    Бардык ванналарда жуунучу электр аристондор, бардык ашканалдарда ашкана эмеректери жана тамак жасоочу электро плиталары коюлган. Жумшак жана катуу эмеректер менен камсыздалган.(стол, стул, кроват)

    Студенттер үйү толугу менен борбордук жылуулук түйүнүнө уланган. Студенттер үйүндө студенттердин эс алууларын көёүлдүү өткөрүүгө, окууга болгон кызыгуусун артыруу үчүн, падьездер аралык тамашоу, диспуттар, кош жылдыз, тегерек үстөл сыяктуу ар кандай оюн -зоок маданий иш чаралар өткөрүлөт.

    Студенттер үйүндө коопсуздукту болтурбоо максатында күзөтчүлөргө жардам катарында түнкү мезгилде студенттердин демилгеси менен күзөт бөлүгү түзүлгөн.Студенттер үйүндө жалпысанан 15 кызматкер эмгектенет.

    • студентер үйүнүн директору-1,
    • астелянша -1,
    • паспортчу -1,
    • күзөтчүлөр-4,
    • тазалоочулар-4,
    •  короо шыпыруучу-1,
    •  электрик -1,
    •  сантехник -1,
    •  жыгач уста-1,
    •  медайым-1,
    •  ашпозчу-1.

     


Leave A Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *