Symbols of the Osh Technological University
Flag of Osh Technological University
Authors: Emil Orozbekov, Karybek Ashbaev, Ulukbek Toktosunov
Coat of arms of Osh Technological University
Authors: Emil Orozbekov, Karybek Ashbaev, Ulukbek Toktosunov
Athem of the Osh Technological University
Word: Nurgazy Tashiev,
Music: Bostonkulov’s Mamatibraim
Уюткулуу улуу кыргыз элимдин,
Урпагына үрөөнүн чач билимдин.
Улан-кыздар сапар алган турмушка,
Улуу жолдон кутун тапсын билимдин.
Припев:
Орун алып туруктуу,
Оболосун кызыл туу.
Орун алган Ошумда,
Окуу жайсың ооматтуу.
Жаштык, сүйүү, достук ырын жаңыртып,
Жаңы доорду, чексиздикти багынтып.
Жаңылыктар чыга берсин ОшТУдан,
Жаш адисти бүт дүйнөгө таанытып.
Припев:
Орун алып туруктуу,
Оболосун кызыл туу.
Орун алган Ошумда,
Окуу жайсың ооматтуу.
Атажурттун эртеңкисин утурлап,
Аалам кезип, алды жакка жол кынап.
Асабалуу университетим өсө бер,
Алды жакка ишенимдүү жол улап.
Припев:
Орун алып туруктуу,
Оболосун кызыл туу.
Орун алган Ошумда,
Окуу жайсың ооматтуу.