Ош технологиялык университетинде Так илимдер кафедрасы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк маалымат күнүнө арналган студенттик “Info-Day” иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чараны ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов ачып, бардык катышуучуларды майрамы менен куттуктады.
Иш-чарага кафедранын окутуучулары жана студенттер активдүү катышып, маалымат күнүнүн мааниси боюнча баяндамалар жасалды. Мындан тышкары интеллектуалдык оюндар жана концерттик программа өткөрүлүп, катышуучулар үчүн кызыктуу жана таалимдүү атмосфера түзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мыкты окуган жана активдүү катышкан студенттер сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттерди маалыматтык технологиялар, маалымат коопсуздугу жана заманбап маалыматтык чөйрө менен тааныштыруу, алардын чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болуп эсептелет.
Ош технологиялык университети мындан ары да студенттик активдүүлүктү жана инновациялык демилгелерди колдонууну улантат.