Студенттик акыйкатчы аппараты – бул студенттердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, окуу жайдагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана билим берүү процессинин адилеттүү болушуна көмөктөшүүгө багытталган орган.
Анын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- Студенттердин укуктарын коргоо – Окуу жайда студенттердин укуктары бузулган учурларда аларга юридикалык жана моралдык жактан жардам берүү.
- Көйгөйлөрдү чечүү – Студенттердин окуу, жатакана, стипендия, дискриминация жана башка маселелери боюнча университет жетекчилиги менен диалог жүргүзүү.
- Кеңеш берүү – Студенттерге укуктук, социалдык жана академиялык суроолор боюнча кеңеш берүү.
- Ортомчулук кылуу – Окуу жай жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер ортосундагы түшүнбөстүктөрдү чечүүгө көмөктөшүү.
- Мониторинг жана талдоо жүргүзүү – Университеттеги студенттердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө жана сунуштарды иштеп чыгуу.
Бул аппарат адилеттүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жана студенттердин үнүн жеткирүүгө жардам берет.
Учурда Ош технологиялык университетинин «Студенттик акыйкатчы» аппараты Турдумаматова Бермет Кубатбековна, КЛ-1-22 тайпасынын студентти. Ар бир институттун акыйкатчылары менен иш жүргүзөт.
Команда
ОшТУнун Студенттик акыйкатчы аппаратынын төрайымы: Турдумаматова Бермет
Инновациялык маалымат технологиялар институтунун акыйкатчы аппараты: Арзыбекова Бегимжан
Экономика жана Башкаруу Институтунун акыйкатчы аппараты: Айтиев Кудаяр
Энергетика жана Транспорт институтунун акыйкатчы аппараты: Жапашов Улукбек
Технология жана Жаратылышты пайдалануу институтунун акыйкатчы аппараты: Мамаева Гулзина
Архитектура жана Курулуш институтунун акыйкатчы аппараты: Кудайбердиева Нурай
Гуманитардык технологиялык колледжинин акыйкатчы аппараты: Аманова Муслима
Акыйкатчы аппаратынын жобосу (PDF)
Кайрымдуулук иш-чарасы
Жаштар комитети жана Студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган кайрымдуулук иш-чара 2024-жылы 26-октябрь күнү саат 12:00дөн баштап 17:00гө чейин “Алтын уя” балдар үйүндө өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын максаты студенттер арасында ынтымакты жана достукту чыңдоо, “Алтын уя” үйүнө жардам берүү, жаш балдардын маанайын көтөрүү, студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, студенттердин уюштуруучулук жөндөмдөрүн өркүндөтүү, социалдык жактан маанилүү максаттарга жетүү үчүн биргелешкен иш-чараларда тажрыйба топтоо.
ОшТУнун студенттери “Алтын уя” балдар үйүнө кайрымдуулук жасашты. Аталган үй-интернатына Ош технологиялык университетинин студенттери барып, кайрымдуулук иштерин жасап келишти. Бул иш-чара биздин студенттердин арасында салтка айланып, бир канча жылдан бери улантылып келет. Студенттер ал жердин жашоочуларынан кабар алышып, аларга аз да болсо көңүлүн көтөрүүчү маанай тартуулап, чакан оюн-зоок уюштуруп беришти. Жыйналган акча каражатына керектүү болгон буюмдарын алып берип, акчалай жардам дагы көрсөтүштү.
Университет бул багытта көп иштерди жасап келе жатат. Башка бирөөлөргө жардам берип, кайрымдуулук иштерди жасоону адат кылып алган биздин студенттер колдорунан келишинче аракеттерди көрүшүп, шаардын башка дагы ушул сыяктуу мекемелерине жардам берип келишет.
Бул сыяктуу коомдун аярлуу катмарына өзгөчө мамиле кылып, аларды дагы коомдун татыктуу мүчөсү кылып калыптандырууда жаштарыбыздын бул аракеттерине “Алтын уя” үйүнүн жетекчилиги ыраазычылык айтты.
ОшТУнун ЖКнын төрагасы: Кадырбеков Элтуран
ОшТУнун ККнын төрайым: Абдыкаримова Барчынай
ОшТУнун Ст.акыйкатчысы: Турдумаматова Бермет