3-4-март күндөрү Ош технологиялык университетинде жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын студенттеринин чыгармачылык иштеринин көргөзмөсү уюштурулду. Аталган иш чарага технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканы Танаков Нурланбек, окутуучулар, студенттер жана искусство сүйүүчүлөрү катышышты.
Көргөзмөдө «Тартуу», «Жан жазуу» жана «Декоративдик кол өнөрчүлүк искусствосу» темаларында аткарылган иштери көрсөтүлүп, сатыкка коюлду. Студенттер кыргыз элинин илгертен келе жаткан курак, сайма, гобелен жана башка технологияларын заманбап көз караш менен, модага жараша чыгармачылык иштеринде колдонушту.
Көргөзмөдө студенттердин өз колдору менен жасалган кооз эмгектери көрүүчүлөрдүн назарына коюлуп, мыкты чыгармачылык менен аткарылган жумуштары көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, ыраазычылык сөздөр айтылды.
Көргөзмөгө коюлган буюмдардан каалоочулар сатып алышты.
Студенттерди өз алдынча чыгармачылык менен иштөөгө тартуу боюнча жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасы активдүү иштерди жүргүзүп келет. Студенттер тарабынан иштелип чыккан коллекциялар республикалык, аймактык презентацияларда жана студенттик конференцияларда, ошондой эле, мода көргөзмөлөрүндө алдынкы орундарды ээлеп келе жатат.