Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча департаментинин алдындагы спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча “Жаштык” дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Ош шаарында орто жана жогорку окуу жайлардын ортосунда спартакиада башталды. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин ортосунда дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, адамдарды дени-сак жашоого үндөө, билим берүү кызматкерлеринин ортосундагы биримдикти, ынтымактыкты чыңдоо максатында өткөрүлүп, Ош шаарындагы орто жана жогорку окуу жайларында эмгектенген кызматкерлер катышып жатат. Мелдеште катышуучулар спорттун улуттук жана классикалык түрлөрүнөн күч сынашууда. 2022-жылдын 10-мартынан 17-мартына чейин өткөрүлүүчү сорттук мелдеште оюндун түрлөрү өткөрүлүүчү жайлар аныкталып, алар Ош шаарындагы жайгашкан орто жана жогорку окуу жайларынын спорттук залдарында, шаардык спорт комитетине караштуу спорттук жайларда өткөрүлүүдө.
В ОшТУ прошел спецкурс по переработке сельхозпродукции
Кафедра технологии переработки сельскохозяйственной продукции ОшТУ организовала специальные курсы по подготовке специалистов для предстоящего ввода в эксплуатацию современных предприятий по...