Бүгүн, 5-мартта Ош технологиялык университетинде Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата иш чара өткөрүлдү.
Салтанатка окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышышты. Аталган иш чарада ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу Мурзабек Сагыналиев элибиздеги ак калпактын өзгөчө ордун, бийиктигин, ыйыктыгын белгилеп, улуттук баш кийимди кастарлап кийүүгө чакырды.
Иш чарада Кыргыз Республикасынын гимни ырдалып, мекенчилдик темасындагы обондуу ырлар жаңырды.
Белгилей кетсек, жыл сайын 5-мартта улуттук баш кийим – ак калпактын урматына майрам өткөрүлөт. Бул күн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен улуттук баш кийимдин маанилүүлүгүн сактоо, улуттук каада-салттарды сактоо жана кыргыз элинин маданияты менен сыймыктануу сезимин өнүктүрүү максатында бекитилген.
Салтанаттын жүрүшүндө көргөзмөгө активдүү катышкан студенттерге ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.