Ош технологиялык университети абитуриенттерге конкурс жарыялайт!

Урматтуу абитуриент, эгерде сиз 9-11-классты аяктап, кайсы окуу жайга тапшырууну билбей жатсаңыз, анда бизге Ош технологиялык университетине келиңиз!
Ош технологиялык университети абитуриенттер үчүн онлайн конкурс жарыялайт! Эгер сиздин талантыңыз бар, таанышыңыз жок болуп, элге тааныла албай жатсаңыз конкурска катышыңыз.
Конкурстун шарттары:
1. 1минута ичинде өзүңүздүн талантыңызды көрсөтүп, инстаграм баракчаңызга жүктөңүз
2. Видеонун астына ОшТУ жөнүндө пикир калтырыңыз
3. #менОшТУгатапшырам хэштеги менен жайгаштырыңыз
4. @oshtu жана @oshtu_zhashtyk_telestudia баракчасын белгилөөнү унутпаңыз
5. Конкурс 10-июнга чейин уланып, жыйынтыгы чыгарылат
Кызыктуу болуп, эң көп видео просмотр ким чогулта алса ошол жеңүүчү болот. Байге үчүн жеңүүчүлөргө планшет, смартфон жана башка көптөгөн баалуу белектер коюлган.