Ош технологиялык университети студенттер үчүн «ОшТУ таланттары» сынагын жарыялайт

Ош технологиялык университети студенттер үчүн жыл сайын уюштурулуучу «ОшТУ таланттары» сынагын быйылкы жылы виртуалдык түрдө жарыялайт. Сынак эки этаптан турат. Биринчи этап апрель айынын ичинде, ал эми экинчи этабы май айында болот. Сынактын талаптарына ылайык студенттер өздөрүнүн таланттарын видео аркылуу жасап, аралыктан туруп эле социалдык тармактар аркылуу катышса болот. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер коюлган. Эскертүү: Катышуучулардын талантына болгон баа — эң көп топтогон добушу (Laike) менен жыйынтыгы чыгарылат.