Ош технологиялык университетинин профессордук-окутуучулук курамы республикалык спартакиадага катышууда.
Ысык-Көлдө билим берүү кызматкерлери арасында “Ден соолук-2023” спартакиадасы өтүүдө. Аталган мелдешке ОшТУнун окутуучулар командасы катышып, окуу жайдын намысын коргоп жатышат. Спартакиадада республиканын 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан спортчулар катышууда.
Мында 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку кыз-келиндер жана эркектер арасында спорттун 20 түрү боюнча мелдеш жүрүүдө.
ОшТУнун командасына ийгилик каалайбыз!