Ош технологиялык университетинин делегациясы Россиянын Күнүнө арналган салтанаттуу иш чарага катышып жатат. Анда ОшТУнун кибернетика жана маалымат технологиялары факультетинин деканы, профессор Ш.М. Сайдаматов Ош технологиялык университети туурасында презентация жасады.
Иш чаранын жүрүшүндө ОшТУнун делегациясы Дон мамлекеттик техникалык университети, Ростов мамлекеттик экономика университети (РИНХ) жана Түштүк федералдык университети менен академиялык мобилдүүлүк жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, илимий – изилдөө иштерин биргелешип ишке ашыруу туурасында макулдашылды.
ОшТУ менен Дон мамлекеттик техникалык университетинин ортосунда маалымат технологиялары, радиотехниканын жана креативдүү технология багытында кызматташуу келишимине кол коюлду.