ОшТУнун ректору Ж.Ж. Турсунбаев Казакстандагы Алматы технологиялык университетинин өкүлү, техника илимдеринин доктору (PhD) Ж.Б. Казангельдинаны кабыл алды. Пикир алышууда академиялык мобилдүүлүк программасын кеңейтүү, билим берүү жана илим тармагында жана эл аралык долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
2022-2023-окуу жылында Ош технологиялык университети менен Алматы технологиялык университетинин ортосунда экология багыттары боюнча академиялык мобилдүүлүк программалары ишке ашып, студенттер ийгиликтүү аякташты. Бул программаны Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин «Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо» кафедрасы ийгиликтүү ишке ашырды.