29 – майда Федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку билим берүү илимий мекемеси Россия биотехнология университетинин базасында (ФГУБ ВО РОСБИОТЕХ) «Дан азыктарынын перспективдүү технологиялары: функционалдуулугу, коопсуздугу, сапаты. Россия Арктикасынын калкын тамак-аш менен камсыз кылуу» аталыштагы II Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Мында ОшТУнун ААКИТ кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Ирматова Жылдыз Камиловна катышып, илимий консультанты Кубань мамлекеттик техникалык университетинин профессору Росляков Юрий Федорович тарабынан «Азыктык баалуулугу жогорулатылган десерт нанынын технологиясы жана рецепттери» деген темада доклад жасалды.
Конференциянын негизги багыттары:
- Дени сак тамактануу үчүн жаңы дан азыктарынын моделин жана технологиясын иштеп чыгуу
- Салттуу эмес өсүмдүк материалдарынын жаңы түрлөрү жана аларды тамак-аш системаларында колдонуу
- Дан азыктарынын функционалдык жана адистештирилген азыктарынын жана ингредиенттеринин технологиясы ж.б.