ОшТУнун китепканачылар жамааты тарабынан 27-май – китепкана күнүнүн урматына арналган атайын иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чарага университеттин проректорлору, китепкана жамааты жана студенттер катышышты. Китепкананын директору Курбанбай кызы Акмангүл келген конокторду майрам менен куттуктап, кечени ачып берди. Проректорлор китепканачыларды майрам менен куттуктап, ректордун атынан Ардак грамота тапшырылды. Ошондой эле университеттин профсоюздук уюму тарабынан акчалай белек берилди. Студенттер майрамдык ыр-бий аткарып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.
Биздин окуу жайдын китепканасында университеттеги бардык адистиктерге тиешелүү болгон ар кайсы багыттагы миллиондон ашык китептер бар. Мындан сырткары, 2010-жылы университет жетекчилиги тарабынан библиотекага атайын жер бөлүнүп, чоң китепкана салынган. Мында университеттеги бардык китептер жайгаштырылып, окуу залдары, электрондук окуу залы, окутуучулар үчүн атайын каана жана башка китепканага тиешелүү бардык шарттар түзүлгөн. Бүгүнкү күндө окуу жайда билим алып жаткан ар бир студент жана ар бир профессордук-окутуучулук курамдын кызматкерлери пайдалана алышат.
Китеп – адамзаттын улуу кенчи. Ошондуктан маалыматтар заманында дагы китеп руханий тарбия берүүнүн, инсанды калыптандыруунун каражаты катары кызмат өтөп жатат. Ал эми китепканалар адам баласынын жүрөгүнүн жылуулугун сактап, мезгилдин, муундардын байланышын камсыз кылууда. Келечек муундарды маалымат ресурстары менен камсыз кылып, аларды руханий жактан байытууда суверендүү өлкөбүздө заманбап китепканалар иштеп, мамлекетибиздин экономикасын, маданиятын өркүндөтүүгө өз салымын кошууга көмөктөш болуп келет.