25-май күнү Ош технологиялык университетинин кесиптик уюмунун төрайымы Б.Э.Тиленбаева жетектеген делегация курамы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо катары Мырза-Аке айылында жайгашкан М.Разаков атындагы жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын мектебиндеги “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты.
Тарбияланып жаткан балдардан кабар алып, 40 миң сом акчалай жардам көрсөтүштү жана университеттин белектерин тапшырышты.