Ош технологиялык университетинде ИИжКББ бөлүмүнүн “ГринВУЗ” долбоорунун алкагында “Кыргыз Республикасында таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу” деп аталган семинар өткөрүлдү. Семинарга ОшТУнун кафедраларындагы илимий иштер боюнча жоопкер кызматкерлер катышышты. Семинардын негизги максаты ОшТУнун имиджин ар тараптан жогорулатуу менен бирге түштүк жергесиндеги биринчилерден болуп таштандыларды чогултуп жана кайра иштетүү системасын түзгөн, экологиялык сертификатка ээ университеттердин катарына кирүү. Семинардын аягында адистер тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын жана окутуучулардын сунуштарын эске алуу менен экологиялык сертификаттын талаптарына жооп берүү үчүн биргеликте план түзүлдү.
ОшТУда окуу процессин өркүндөтүү үчүн заманбап техникалык каражаттар сатылып алынды
Окуу жайдагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 6 млн. 469 миң сомго 86 дюйм өлчөмүндөгү RioTouch LT 86 моделиндеги жаңы...