ОшТУ: СПИДге жол жок!

Бүгүн Ош технологиялык университетинде «1-декабрь  СПИДге каршы күрөшүү» күнүнө карата »ОшТУнун аялдар кеңеши тарабынан уюштурулган  «СПИДге жол жок! » аттуу  талкуу болуп өттү.
“Жыныстык жолу менен жугуучу инфекциялары (ЖЖЖИ),  белгилери жана  алдын алуу жолдору” деген темада Оштогу областтар аралык  тери-венерологиялык диспансеринин  директору, Ош шаардык аялдар кыймылынын жетекчиси Шарипова Майрамкан Амирбековна,  дарыгер Эсенбаева Бумайрам Мурзакуловна, “Наркомания менен ВИЧ/СПИД байланышы” деген темада Ош областтар  аралык  наркологиялык  борборунун директору Айгуль Садиева жана бөлүм башчы Искендер Полотбеков, “Өзуңдүн статусунду бил” деген темада Ош областтык СПИДге каршы күрөшүү  борборунун эпидемиолог дарыгери Шадиев Жапарлар  келишип өздөрүнүн ой пикирлерин билдиришти.