ОшТУ: Ош улуттук драма театрында Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорун тапшыруу аземи болуп өттү.

Аталган иш-чара жыл сайын салтка айланып, бүткүл дүйнөлүк студенттердин күнүнүн алкагында өткөрүлөт. Ошондой илим күнүнө арналган иш-чаралар да ушул күндө жүз берип, биздин университеттин илимий жетишкендиктери тууралуу маалыматтар берилди. Биздин окуу жайды бүтүрүп, белгилүү жерлерде эмгектенген бүтүрүүчүлөр салтанаттуу жыйынга конок катары келип катышышты.

     Иш чаранын жүрүшүндө ОшТУнун факультеттер аралык Тамашоу (ШТК) таймашы орун алып, биринчи орунду Технологиялык колледжден «Идеал»  командасы менен Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинен «Браво командасы», экинчи орун Экономика жана башкаруу факультетинен «Лидер» командасы ал эми үчүнчү орунду  ОшТУнун жатаканасынан куралган «Жатакана» командасы алып салтанаттуу иш чара жыйынтыкталды.