ОшТУ: «Кош жылдыз» сынагы жыйынтыкталды

29-ноябрь Ош технологиялык университети тарабынан өткөрүлүп келген «Кош жылдыз» сынагынын финалы жыйынтыкталды. Маалым болгондой ОшТУнун жатаканасынын студенттеринен түзүлгөн 6 команда катышып, финалга 3 команда чыккан. Жыйынтыгында подъездер аралык сынакта эң мыкты катышуучу деп Ражапбай уулу Кубаныч Орозбаева Мунара ээ болсо 1-орунду Бакытбек уулу Элстан менен Тургуналы кызы Айдана , 2-орунду Маматали уулу Урмат Бусурманкулова Алия ал эми 3-орунду Аскаралиев Ислам жана Эргешали кызы Нуриза ээледи.
Алар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Аталган иш-чаранын максаты – жаштардын маданий эс алуусун жакшыртуу, мекенди сүйүүгө чакыруу жана ынтымакты бекемдөө.