ОшТУда “Encounter” оюну өттү

14-октябрь Ош технологиялык университетинде 1-курстар аралык “Encounter” интеллектуалдык мелдеши болуп өтту.
Иш-чара ОшТУнун Жаштар комитети тарабынан студенттердин жан-дүйнөсүн кеңейтүү, достук мамилени чыңдоо жана эң негизгиси окуу жайдагы көпчүлүк маани бербеген бирок маанилүү жайларды билүү максатында уюштурулду.
Ошого ылайык суроолор да ОшТУга байланыштуу түзүлүп, катышуучулардын кызыктуу оюн куруусуна шарт түзүлдү.
Өзгөчө тапкычтыкты, ыкчамдыкты жана ойлоо чеберчиликти талап кылган бул оюнга студенттер жобого ылайык командалык курам менен катышып, оюндун шартына жараша берилген тапшырмаларды университетке тиешелүү жайларында катылган белгилерди табуу менен аткарып жатышты. Оюндун жыйынтыгы калыстар тобунун байкоосу менен берилген суроолордун жообун так, туура жана тез таап келгендиги менен чыгарылып, 3-орунду Технология жана жаратылышты пайдалануу факультети , 2-орунду Кибернетика жана маалымат технологиялар факультети ал эми 1-орунду Автоунаа факультети багындырып уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер менен сыйланышты.