ОшТУ: Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанаттуу кече университеттин Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментиАрхитектура жана Курулуш факультети жана ОшТУнун Кесиптик лицейинин кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, майрамдык салтанатка ОшТУнун ардагер мугалимдери, окутуучулары жана студенттери катышты.

Университеттин профессорлук-окутуучулар жамаатын кесиптик майрамы менен ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов куттуктап, мугалимдик кесиптин алдыңкыларына Ардак грамоталар менен бирге баалуу белектерди тапшырды.

Иш-чаранын  расмий бөлүгү аяктаган соң, концерттик программа менен аяктады.