Ош технологиялык университеттин Технологиялык колледжинин “Информатика, прогаммалоо жана байланыш” кафедрасынын студенттеринин ата-энелери менен кафедранын жамаатынын жолугушуу кечеси уюштурулду

 Иш чаранын жүрүшүндө ата-энелер менен эркин пикир алышуу болуп, анда билим берүүдөгү көйгөйлөр, билим берүүнүн сапатын жогорулатуудагы үй-бүлөгө байланыштуу маселелер боюнча талкуу болду. Жыйынга Кыргызстандын сүйүктүү акыны Идирис Айтибаев конок катары келип, өз ою менен бөлүшүп иш чара концерттик программа менен жыйынтыкталды- деп билдирди кафедра башчысы: ага окутуучу Арзыбаева Менди.

Жолугушуудан соң ата-энелер окуу жайдын имараттарына, студенттик жатаканагы, борборлорго, спорт залдарга жана китеп каналарга саякат кылышып университеттин базасы менен жакындан таанышып чыгышты.