ОшТУ: Ак-Буура дарыясын таштандылардан тазаланды.

Бүгүн Ош технологиялык университетинде Ош шаарындагы 2018-жылдын 15-сентябрында Ош шаарынын аймагында ишембилик өткөрүү демилгесинин алкагында ишембилик уюштурулду. Ишембиликке окуу жайдын жетекчилиги, факультеттердеги декандар, кафедра башчылары жана студенттер катышып, Ак-Буура дарыясынын жээгин жана окуу жайдын айланасын тазалоого чыгышты. Тазалоодон топтолгон таштандылар, таштанды таштоочу жайга Ош Тазалык ишканасы менен биргеликте жеткирилди. Ушун менен жыл башынан бери Ак-Буура дарыясы бешинчи ирет таштандылардан тазалоо иштери окуу жай тарабынан жүргүзүлүп жатат.