Ош технологиялык университетинде Озон катмарын коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

1994-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 16-сентябрь Эл аралык озон катмарын сактоо күнү деп жарыялаган. Иш-чаранын жүрүшүндө адамзат жашоосу үчүн озон катмарынынын,  мааниси, анын жер планетасына тийгизген таасири жөнүндө маалыматтар айтылды. Ошондой эле, жыл өткөн сайын озон катмарындагы пайда болгон адамзатка терс таасирин тийгизүүчү  маселелердин алдын алуу максатындагы чакырыктар айтылды.