ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов Астанада болду

2018-жылдын 18-21-июнь күндөрү Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Абдыкадыр Абидов Казакстан республикасынын Астана шаарына бүткүл дүйнөлүк тоо конгрессине кызматтык иш-сапар менен барып келди. Аталган конгресстин алкагында Евразиялык тоо илимдер академиясы түзүлүп, Абдыкадыр Абидов академиянын туруктуу мүчөсү жана академиянын академиги болуп шайланды. Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Белоруссия мамлекеттери мүчө болгон бул академиянын негизги максаты – тоо илимдери боюнча илимий изилдөөлөрдү биргелешип жүргүзүү. Мындан ары академиянын Бүткүл дүйнөлүк тоо конгресси эки жылда бир жолудан уюштурулуп, Тоо илимдери боюнча эң мыкты илимий изилдөөгө 1 000 000 (миллион) доллар сыйлык академиянын атынан берилмей болду.

Мындан сырткары Абдыкадыр Абидов Астана шаарындагы Н.Назарбаев атындагы университетине барып, вице-президенти Кадиша Даирова менен эки окуу жай ортосунда окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди.