Корея мамлекетинин студенттери ОшТУга жайкы эс алуу лагерине келишти.

Жыл сайын Ош технологиялык университетине Корея мамилекетинин студенттери жайкы эс алуу лагерине келишет. Быйылкы жайкы лагерине да Сеул шаарындагы Суншил университетинин студенттери келишти. ОшТУдагы Ош Сежоң Хакдаң корей тили борборунда жайкы лагерь өткөрүү менен ал жерде окуп жаткан студенттердин жана окуучулардын корей тили жана маданияты жөнүндөгү билимин тереңдетүүгө салым кошуп, бир жума бою ОшТУда болушат.
Окуу жайдын жетекчилиги аларды окуу жайдын жатаканасынан орундуктар менен камсыздап, мыкты шарт түзүп берди.
ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов Корея менен ОшТУнун байланышы дагы да уланаарын белгиледи.