ОшТУнун “Дархан ОшТУ” командасынын оюнчулары сыйланышты!

Ош технологиялык университетинин  “Дархан ОшТУ” волейбол командасы Бишкек шаарында өткөн Жогорку окуу жайлар аралык универсиадада биринчи орунга ээ болушуп, Кыргызстандын чемпиондору болушкан. Аталган клубдун оюнчулары жалпысынан беш оюн өткөрүшүп, финалдык мелдешке Кыргыз техникалык университетинин командасы менен беттешишкен. Жыйынтыгында   “Дархан ОшТУ” волейбол командасы КР “Универсиада-2018” Кыргызстан чемпионатында жогорку лиганын чемпиондору болушкан.
Бүгүн, 31-май күнү  Ош технологиялык университетинде   “Дархан ОшТУ” волейбол командасынын оюнчуларын, машыктыруучуларын жана  команданын  президенти Салман Назылбековду  ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов кабыл алып,  команданын курамына  куттуктоо сөзүн айтып, баалуу белектер менен сыйлап,   мындан арыда ийгиликтерди каалады.