ОшТУга жаңы лабораториялык жабдуу алынды

Ош технологиялык университетинин энергетика жана табигый-техникалык факультеттеринин материалдык-техникалык базасын чындоо максатында жаңы лабораториялык жабдуу алынды. Энергетика факультетине келген жабдуунун жалпы баасы эки миллион сомду түзүп, анын жардамы менен бир эле учурда 58 лабораториялык жумушту аткарууга мүмкүнчүлүк болот. Ал эми табигый-техникалык факультетинин Физика кафедрасына алынып келинген лабораториялык жабдыктын баасы 560 000 сомду түзүп, анда 40тан ашуун лабораториялык жумуш аткарылат.