Студенттер арасында волейбол оюну уюштурулду

2018-жылдын 15-май күнү   Ош технологиялык университетинин  Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканы, х.и.к. ОшТунун профессору, Дүйшөнали  Жорокуловдун демилгеси менен факультеттеги тайпалар арасында  волейбол оюну уюштурулду. Бул иш-чаранын негизги максаты студенттерди спортко кызыктыруу жана жаштарды сергек жашоого үндөө болуп эсептелет. Мелдеште окуу жайдын Дене-тарбия кафедрасынын окутуучулары калыстык кылышып, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө  жана мыкты оюнчуларга баалуу белектер  грамоталар тапшырылды.

Жалпы эсеп боюнча:
1-орун. ГСПМ-15 тайпасы
2-орун. ЗЧС-15 тайпасы
3-орун. ЗЧС-ГСПМ-17 тайпасы

Мыкты ойунчу деп ЗЧС-ГСПМ-17 тайпасынын студенти  Эстебес Чинбердиев табылды.