Студенттер арасында волейбол оюну уюштурулду

2018-жылдын 24 -май күнү   Ош технологиялык университетинин   Энергетика  факультетинин деканы, т.и.к. ОшТунун профессору,  Маматөмүр Токоевдин  демилгеси менен факультеттеги тайпалар арасында  волейбол оюну уюштурулду. Бул иш-чаранын негизги максаты студенттерди спортко кызыктыруу жана жаштарды сергек жашоого үндөө болуп эсептелет. Мелдеште окуу жайдын Дене-тарбия кафедрасынын окутуучулары калыстык кылышып, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө  жана мыкты оюнчуларга баалуу белектер  грамоталар тапшырылды.