ОшТУнун технологиялык колледжи аккредитациядан ийгиликтүү өттү

2018-жылдын 14-15-май күндөрү ОшТУнун технологиялык колледжинде орто кесиптик билим берүүнүн 12 адистиги боюнча Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүнү пландалган.  Эксперттик комиссия материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүштү. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, социалдык партнерлор менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышышты. Жыйынтыгында Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин  (ААОПО) эксперттери жалпы жыйын уюштурушуп,  орто кесиптик боюнча 12 адистик 5 жылдык мөөнөт менен ийгиликтүү аккредитациялоодон  өткөндүгүн маалымдашты.

 

Орто кесиптик билим берүү боюнча  аккредитациялоодон  өткөн адистиктер:

040101 Социалдык иш
080601 Статистика
110302 Айыл-чарбасын электрификациялоо жана автоматизациялоо
130403 Ачык тоо-кен иштери
140202 Электр менен жабдуу
190503 Унаанын электр жабдыктарынын эксплуатациясы жана автоматикасы

( унаа түрлөрү боюнча суудан башкасы)

1190604 Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо
210406 Байланыш тармактары жана коммутация системалары
1190701 Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу (унаа түрү боюнча аба унаасынан башкасы)
230109 Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо
230701 Колдонмо информатика (тармактар боюнча)
260903 Тигилген буюмдарды моделдөө жана конструкциялоо