ОшТУга милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү келишти.

Бүгүн, 29-май күнү Ош технологиялык университетинде КР  Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош облусттук аймактык башкармалыгынын адистери менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишмердиги тууралуу маалымат берилди. Андан тышкары студенттерге медициналык кызмат көрсөтүүдөгү укуктары жана милдеттери тууралуу айтылып,  атайын маалымат китепчелери таркатылды.