ОшТУда жугуштуу оорулар тууралуу маалымат берилди

Бүгүн, 29-май күнү Ош технологиялык университетинде КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облустук үй-бүлөгө медициналык жардам берүү борборунун дарыгерлери студенттер менен жолугушу уюштурулду. Жолугушууда студенттерге жугуштуу оорулар тууралуу кенен маалымат берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары атайын маалымат китепчелери таркатылып, студенттердин суроолоруна жооп берилди.