ОшТУда “Техника жана технология илиминдеги негизги көйгөйлөр” аттуу илимий-техникалык конференция өттү.

Ош технологиялык университетинин курулуш өндүрүшү кафедрасынын доценти,  илимпоз жана акын Самиев Маматибраим Самиевичтин 65 жылдык маарекесине карата “Техника жана технология илиминдеги негизги көйгөйлөр” аттуу илимий-техникалык конференция өттү. Аталган конференцияга илимпоздор, окутуучулар жана студенттер катышып, 88 илимий баяндама окулуп, мыктыларына баалуу белектер жана ардак грамоталар берилди.