ОшТУда “REGION QUIZ Интеллектуал” аттуу билим сынагы болду!

Бүгүн 2018-жылдын 22-май күнү Ош технологиялык университетинде Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин алдындагы Жаштар комитетинин уюштуруусу менен “REGION QUIZ Интеллектуал” аттуу билим сынагынын финалдык оюну болуп өттү. Бул сынакка ОшТУнун студенттери жана Ош шаарындагы ЖОЖдордун студенттери катышышкан.
Аталган сынак буга чейин 3 тур менен, финалга чыккан командалар ортосунда кызуу таймаш болду. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.