ОшТУда Ош шаарындагы корей тили боюнча сынак өттү

2018-жылдын 16-май күнү Ош технологиялык университетинде Ош шаарындагы корей тилин сүйүүчүлөрү арасында мелдеш өттү. Бул сынакка студенттер жана Ош шаарындагы мектеп окуучулары катыышты. Аталган иш-чарага Түштүк Корея Кыргызстандагы элчиси Жоң Бең Ху, ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов баштаган эмгек жамаат күбө болушту. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана ардак баракчалары тапшырылды.

Эскерте кетсек, Ош технологиялык университетинде 2008-жылы  корей борбору ачылып, бүгүнкү күндө корей  улутундагы 7 кызматкер эмгектенип, студенттерге тил үйрөтүп келүүдө.