ОшТУда окутуучулардын спартакиадасы болуп жатат

Ош областынын  билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошуун комитети ОшТУнун кесиптик кошуун комитети менен биргеликте окуу жайыбыздын базасында Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар арасында спорттун 6 түрү: волейбол, футбол, шахмат, тогуз коргоол, теннис жана ордо боюнча окутуучулардын спартакиадасын өткөрүп жатат. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылмакчы.