ОшТУда “Биз – XXI-кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу эл аралык жаштар сынагы жыйынтыкталды

Ош технологиялык университетинде 2018-жылдын 14 – 17-май күндөрү КР Билим берүү жана илим министрлиги, балдардын республикалык “Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясы, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы менен биргеликте уюштурулган “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу эл аралык жаштар сынагы жыйынтыкталды. Сынакка катышуу үчүн 180ден ашуун изилдөө жана ойлоп табуу долбоорлору, экспонаттар, моделдер сунушталып, беш номинацияда коргоого коюлган. Ош технологиялык университетинин эмгек жамааты бул иш-чаранын өтүшүнө баардык шарттарды түзүп берип, жогорку деңгээлде өтүшүнө көмөктөштү. Кече 16-май күнү, ОшТунун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов калыстар тобунун чечими менен мыкты деп табылган жаш ойлоп табуучуларды жана мугалимдерине куттуктоо сөздөрүн айтып, окуу жайдын баалуу белектерин жана ардак баракчаларын тапшырды. Ал эми бүгүн аталган иш-чара ОУДТ жыйынтыкталды.