2018-жылдын 18-19 май күндөрү ОшТУда “Билим берүүнүн жана илимдин физика-техникалык көйгөйлөрү” аттуу республикалык илимий практикалык конференция уюштурулат.

Ош технологиялык университетинде 2018-жылдын 18-19-май күндөрү биология илимдеринин кандидаты, ОшТУнун профессору Асанов Маматазим  Асановичтин жаркын элесине  жана Физика кафедрасынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата “Билим берүүнүн жана илимдин физика-техникалык көйгөйлөрү” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Бул конференцияга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын белгилүү окумуштууларынын катышуусу күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө уюштуруу тобуна 140 илимий баяндама келип түшкөн.