ОшТУда бүтүрүүчүлөр кечеси болуп өттү

Бүгүн 28-май күнү Ош технологиялык университетинде    Кибернетика жана маалымат технологиялары факультетинин Компьютердик лингвистика кафедрасынын Бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси болуп өттү.   Бул иш-чараны  Компьютердик лингвистика кафедрасынын окутуучулары жана  1-2-3-курсунун студенттери уюштурушкан.  Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөздөрү айтылып, концерттик программа менен коштолду.