ОшТУда алдынкы студенттерге Ыраазычылык айтылды

Бүгүн, 21 май Ош технологиялык университетинде 25-май  акыркы коңгуроо майрамына карата окуудагы, спорттогу жана коомдук иштердеги алдынкы 58 студенттин   бүтүргөн  мектеп жамаатына жана ата-энелерине окуу жайдын “Ыраазычылык баракчалары” тапшырылды. Бул иш чаранын негизги максаты билим алып жаткан студенттерге стимул берип, мындан арыда талыкпай билим алуусуна мативация берүү болуп эсептелет. Ыраазычылык баракчаларды ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов  тапшырып, студенттердин мындан аркы окууларына да ийгиликтерди каалап, куттуктоо сөздөрүн айтты.