ОшТУда «Өрт айтып келбейт” аттуу машыгуу таймашы өттү.

Бүгүн 24-май Ош технологиялык университетинде   “Технология жана жаратылышты пайдалануу” факультетинин  “Өмүр тиричилик коопсуздугу” кафедрасы жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин   Ош шаардык башкармалыгы менен биргеликте студенттердин «Өрт айтып келбейт” аттуу машыгуу  таймашы  уюштурулду. Таймашта студенттер 4 топко бөлүнүшүп,  өрт болгон учурунда бийиктикке чыгуу, ылдамдык, противогаз кийүү боюнча таймаштар  таймашышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, 1- орунду “Учкун” командасы, 2- орунду “Жалын” командасы жана 3-орунду “Өрт” командасы ээлеп,    баалуу белектер жана ардак баракчалар менен  сыйланышты.

Бул сынактын негизги максаты студенттердин теориялык алган билимдерин практикада көрсөтүү жана студенттерге  мотивация  берүү болуп эсептелет.