ОшТУ Өзбекстан Республикасынын ЖОЖдору менен кызматташат!

Кыргызстан жана Өзбекстан республикаларынын президенттеринин жолугушуусунун жүрүшүндө эки тараптуу бир топ документтерге кол коюлуп, алардын ичинен негизги багыттардын бири жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү активдүү кызматташуу болуп саналат.

Бул келишимдерге ылайык, 2018-жылдын 19-21-апрелинде Ош технологиялык университетинин эл аралык байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Аттокуров Урмат Төлөгөнович жана профессор Адылжан Таджимухамедович Маруфий Фергана мамлекеттик университети, Фергана политехникалык институту жана Ташкент маалымат технологиялары университетинин Фергана филиалы менен келишим түзүү максатында атайын иш сапар менен барып келишти.

Ош технологиялык университеттин кызматкерлерин Фергана мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору К.Газиев, эл аралык бөлүмдүн башчысы Х.Саттарова, Фергана политехникалык институтунун окуу иштери боюнча проректору Р.Аноров, эл аралык бөлүмдүн кызматкерлери жана Ташкент маалымат технологиялары университетинин Фергана филалынын директору Б.Мирзакаримовдор тосуп алышты.

Жолугушуу учурунда окуу жайлар менен таанышып, кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү жана өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлуп, документтердеги жумуштардын эки тараптуу аткарылышын ишке ашыруу багыттары талкууланды.