ОшТУнун студенти Роза Исмаилова – чемпион!

Ош технологиялык университетинин табигый-техникалык факультетинин ИО-1-16 тайпасынын студенти Роза Исмаилова Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайлар аралык “Универсиада-2018” Кыргызстан чемпионатында стол тенниси боюнча 1-орунду ээлеп, чемпион аталды. Буга чейин ал окуудан сырткары окуу жайдын спорттук иш-чараларына активдүү катышып жүргөн. Роза Исмаилованы окуу жайдын жетекчилиги жана эмгек жамааты ийгилиги менен куттуктап, баалуу белек менен сыйлады.